ЖАН АЗЫК - Ахмет Ясави

12+
12+

день назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

день назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

день назад

Ахмет Ясави Ахмет Ясавинин түрк дүйнөсү, айрыкча Борбор Азиянын калкы үчүн мааниси аябагандай зор. Эң негизгиси бизге ислам динин араб же фарси тилинде эмес, өзүбүздүн эне тилибизде, түрк тилинде түшүндүргөнү жана таратканы болгон. Ясави 1105-жылы азыркы Казакстандын Сайрам деген жеринде туулган, бирок түпкү теги кайсы улуттан экенин так айтуу кыйын. Кээ бир уламыштарга караганда, Ясавинин түпкү аталары Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы, дагы тагыраак айтсак, азирети Аалинин тукумдарынан экен. Ясави жаштайынан илимге, билимге, деле руханий дөөлөттөргө абдан кызыккан киши экен. Ислам негиздерин Бухарадагы медреседе окуп, ал жерде жан дили менен диндин сырларын ачып, маанисин аңдап, тереңине сүңгүп, акыры аң-сезимдүү түрдө суфизм тарабына оогону белгилүү. Бухарадан кайра кайрылып келген соң ал Кул Кожо Ахмет Ясави атыгып, шайык деген атка конуп, казактын кең талаасындагы Яссы деген жерге медресе ачкан. Ошол жерде ислам динин жайылтып, аты алыска угулуп, шакирттери көбөйүп, кийин анын жолун жолдогон 90 миңге жакын мюриддери же мураттары пайда болгон. Анын мураттары тоолор менен талааларды кыдырып, Ясави негиздеген тарикатты, башкача айтканда, сопулуктун, такыбалыктын маани-мазмунун Сибирден баштап Анатолия жарым аралына чейин, Волга же Эдил боюнан тартып Улуу Кытай дубалына чейин жеткирген экен. Ахмет Ясави тирүү кезинде эле ыйык инсан деп саналган. Ага себеп анын тазалыгы, сопулугу, кылга кара санабаган такыбалыгы болгон. Ясави 85 жашка чыгып каза тапкан. Бирок ал негиздеген медресе анын көзү тирүү кезинде эле Орто Азиялык түрктөрдүн, сопулардын зыярат жасаган ыйык жайына айланган.

Название:

ЖАН АЗЫК - Ахмет Ясави

Категория:

Разное