«Женгонун» мурдагы кайненеси кайрылуу жасады

12+
12+

9 просмотров

2 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

9 просмотров

2 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

9 просмотров

2 дня назад

Уюшкан кылмыштуу топтун «Женго» каймана аттуу мүчөсү — Кадыр Досоновдун мурдагы жубайынын апасы кыймылсыз мүлктөрү мыйзамсыз конфискацияланганын айтып, бийлик өкүлдөрүнө «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында кайрылуу жасады. Салтанат Досматованын айтымында, жолдошу экөө кызына (Кадыр Досонов, «Женго» менен үй-бүлө болуп турган учурда) Ош шаарындагы Салиева көчөсү 19/А 82-батир дарегиндеги үйдү белекке сатып беришкен. «Кийин уулум менен келиним Россияда миграцияда жүрүп, тапкан акчаларына Бишкек шаарындагы Асанбай кичи району 61-батир жана Турусбеков көчөсү 48-үй, 57-батир дарегиндеги үйлөрдү сатып алышкан. Алар кызыма акча салышып, алгач батирлер кызымдын атында болгон. Уулум 2019-жылы, келиним 2020-жылы келип үйлөрдү өз наамдарына которушкан», - деди ал. Досматова тергөөдө тараптар суракка чакырылбаганын айтып, 18-августта Биринчи май райондук соту батирлерди конфискациялоо боюнча чечим чыгарганын кабарлады. Анын айтымында, «Женго» менен 2007-жылы ажырашкан кызы 4 бала менен үй-жайсыз калды. «Мен сиздерден суранам. Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын жараны катары жеке менчикке болгон укугумду коргоп берүүңүздү суранамын. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эне баланын укугун карап берүүңүздү өтүнөмүн», - деди ал.

Название:

«Женгонун» мурдагы кайненеси кайрылуу жасады

Категория:

Разное