Балдарга арналган ТҮРДҮҮ ТҮСТӨР ДҮЙНӨСҮ ыры
*Түрдүү түстөр дүйнөсү* Асманда күн жаркырайт, Сары түскө боёлуп. Биздин талаа жапжашыл, Жашыл чөптөр чоюлуп. Кызыл алма бутакта, Кызыл болуп бышыптыр. Көктө учкан чымчыктар, Көк асманга чыгыптыр. Кайырма: Билип алгын, билип ал, Бул дүйнөдө түстөр көп. Билип алгын,билип ал, Кызыл,жашыл,сары,көк. Айран ичип чоңоёбуз, Ак түс таза, апапак. Капкара деп ойлойбуз, Күрөң түстө мамалак. Коңур тоолор алыста, Кызыл-тазыл көрүнөт. Түркүн түстөр дүйнөсү, Ар бир өңгө бөлүнөт Кайырма: Сөзү:Жаныбекова К.Ж Обону:SUNO AI
Название:
Балдарга арналган ТҮРДҮҮ ТҮСТӨР ДҮЙНӨСҮ ыры
Категория:
Разное