Ыбрай Туманов “Кеңеш” автордун аткаруусунда.

12+
12+

день назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

день назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

день назад

Тумандын уулу Ыбырай, Тегин жерден күү тапкан, Бир койдун кылын бүт таккан, Сыдырып жатып жүз таккан. Комузчуларга сынтаккан, “Жаштилекке” келгенде Комузун колго бергенде, Тепкенин жогору жагынан, Тегирмендей чоң колду, Тегеретип чуркаткан, Тумандын уулу Ыбырай. Осмонкул Ыбырайды замандаштары, угармандары жаңы замандын жарчысы дешчү. Ал бүтүндөй өмүрүн, бүтүндөй чыгармачылыгын өзү жашаган замандын ырын ырдап, күүсүн чалган. Автордун алгачкы күүлөрүнүн бири -"Кеңеш" аттуу күүсүн укканыңда аксакалдардын жайкалта бапыраңдаша кеңеш куруп отурушкан кутмандуу кыргыз карыяларынын шаңдарын көз алдыңа элестетесиң. Күүнүн музыкалык киришмесинин алгачкы кайрыктарынан эле шаңдуулук өкүм сүрүп, жүрүшү өзгөрүп, капысынан добуштар, басымдар алмашылат. Анан бара-бара шаңдуулук менен шайырдык өкүм сүрөт. Бул күү 1922-жылы СССРдин түзүлүшүнө арналып “Совет”,”Кеңеш” деп чыккан экен. #комуз #ыбрайтуманов #кеңеш #күүбаяны #залкаркүүлөр #komuz #kyrgyzethnomusic #goat #centralasiaculture

Название:

Ыбрай Туманов “Кеңеш” автордун аткаруусунда.

Категория:

Разное