Жалил Садыков - Жүрөк эңсейт (cover)
Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген. Жалил Садыков Ата Мекен, эне, жаратылыштын кооздугу, арзуу темасындагы поэтикалык жыйырмадан ашуун ыр китебин чыгарган. Анын элдик ырга айланып кеткен “Сүрөтүңө”, “Жайлоодо” сыяктуу ондогон ырларына обон чыгарылып, эл арасында азыркыга чейин ырдалып жүрөт. Мезгил тынбай жылган сайын күнүгө Мен суктанам ар бир өткөн күнүмө. Анткендиги, айланчыктайт жаштыгым Ал кездеги сенин сунган гүлүңө. Ошол гүлдү сенин көзүң тандаган, Ошол гүлдү сенин колуң кармаган, Ага коштуң жаштык, сүйүү жалынын, Мен да сага жаштыгымды арнагам. Гүл кучактап, гүл балтырга чалынып, Турар элек көзгө көздөр чагылып, Күндөр келсе, жылдар келсе жаңырып, Жүрөк эңсейт ошол гүлдү сагынып. Ошол гүлдөр соолуса да түгөнүп, Жүрөгүмдөн кайра жаңы гүл өнүп, Ал күндөргө башка күндү теңебей, Кыялымда жашай берет түбөлүк.
Название:
Жалил Садыков - Жүрөк эңсейт (cover)
Категория:
Разное