Орозбек Асанов: «Ихсан Групп ЛТД» кооперативи «банкрот» болгон жок»
ПОДРОБНО https://osh.turmush.kg/news:461790 «Ихсан Групп ЛТД» коммерациялык эмес турак жай кооперативи «банкрот» болгон жок жана кардарларга кадимдикей үй алып берүү менен алектенип келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-март күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында аталган кооперативдин Кыргызстандын түштүгүндөгү филиалынын жетекчиси Орозбек Асанов билдирди. Анын айтымында, акыркы учурда АКШ долларынын куну көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу «Ихсан Групп ЛТДнын» кардарларынын үй алуу мөөнөтүн 1 айдан 2 айга чейинки убакка жылдырып турушкан. Анткени Кыргызстанда турак жай доллар менен бааланып жаткандыктан кезекке жазылган жарандардын акчасы жетпей калууда.
Название:
Орозбек Асанов: «Ихсан Групп ЛТД» кооперативи «банкрот» болгон жок»
Категория:
Разное