Улук Рысалиев | Кыш куплеттери | Кыргыз поэзиясы

12+
12+

21 час назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

21 час назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

21 час назад

Кыш куплеттери Ак түзөң талаа. Кар тунган, Ак тозоң, шамал алкынган, Иңирде бороон, ит тургуз. Изиңди көмөт артыңдан. Мор өйдө түтүн агылып, Мечиттен азан жаңырып. Көптү ойлоор элде чама жок, Чөптү ойлоп түтөйт каңырык. Ит өлгөн суукту салды бейм, "Ичики-ий" тоңуп калдым эй! Каткырат чөөлөр өйүздөн, "Дүңк" чегип алган баңгидей. Көр түйшүк деген ошол го, Кеп учу-картош, фасолдо. Кобурайт бурчта эки чал, Кол кактап эски "козёлго" Ак бубак баскан куурай-чий, Ар жок ээ, бизде Кудай ий! Манасты окуп койгонсуп, Мечитте баян... Курайший! Бүт баарын басып ак чаңыт, Бурганак турат мактанып. Бөрүнүн жытын алдыбы, Байдөбөт үрөт какшанып. Сапырып карды бүркүндү, Сапары карып бул түнкү. Жылгага төнүп баратат, Жылдыздай сызып бир түлкү... Улук Рысалиев.

Название:

Улук Рысалиев | Кыш куплеттери | Кыргыз поэзиясы

Категория:

Разное