Алыкул Осмонов - Маляр (cover)
Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Ал 1915-жылы 21-мартта төрөлүп, 1950-жылы 12-декабрда көз жумган. Алыкул Осмонов кыргыз адабиятынын тарыхында өтө маанилүү орунду ээлейт. Ал кыргыз поэзиясын жаңы деңгээлге көтөргөн, дүйнөлүк классикалык поэзиянын үлгүлөрүн кыргыз тилине алып келген. Адамдын ички дүйнөсү, сүйүү, тагдыр, мекен темаларын терең чагылдырган чыгармалары менен белгилүү. Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, Кабак түйгөн капалыкты айдады. Ушул адам, ушул сырдуу кийимчен. Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы. Кетти, кетти, кетти чоң үй капасы, Кеткенине кубанды уул атасы. Ушул адам, ушул эски кийимчен, Бул дүйнөнүн үстүндөгү тазасы. Үй тазарды, жарк деп кабак ачылды, Өмүргө кас, учкан чаңдар басылды. Сөздөрү орой, чала кызуу бул адам, Бул дүйнөнүн асылынын асылы. Эң кеч жатып, элден эрте тура алган, Ойлогонун ойдогудай кура алган. Касиеттүү мындай кымбат кесиптен, Менин атам, билбейм неге кур калган?
Название:
Алыкул Осмонов - Маляр (cover)
Категория:
Разное