Жалал-Абад облусунун тургундары көйгөйлөрүн айтты
Негизги жумушту аткарган милиция кызматкерлери болгону менен, тергөөчүлөрдүн айынан алгачкы арыздар өз мөөнөтүндө чечилбейт. Прокурор убагында көзөмөл кылбай, соттун шалаакылыгынан улам арыз-даттануулар чыгат. Жаңы кабыл алынган кодекс боюнча келип түшкөн арыз 10 күн аралыгында чечилип, кылмыш иштер 1-2 айдын ичинде тергелип бүтүш керек. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Сузактын жашоочулары менен жолугушканда айтты. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен укук коргоо органдарынын жетекчилери Жалал-Абад облусунда болуп, элдин көйгөйлөрүн укту.
Название:
Жалал-Абад облусунун тургундары көйгөйлөрүн айтты
Категория:
Разное