“ЧАЧ” КАЙМАНА АТЫ МЕНЕН БЕЛГИЛҮҮ КРИМ АВТОРИТЕТ КАРМАЛДЫ. АЛ КАЗА БОЛГОН АНАПИЯЕВДИН ТОБУНДА БОЛГОН
Кечээ, 20-ноябрда Чүй облусунун аймагында «Чач» каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Э.М. аттуу жаран 2015-жылы Беларусь Республикасынын аймагында өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин тобунун мүчөсү болгон. Кармалган адам Кыргызстандын аймагында бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелип жатат. Ал Жалал-Абад облусундагы атышуу фактыларына, ошондой эле башка резонанстуу кылмыштуу аракеттерге түздөн-түз байланыштуу. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Eldik.media
Название:
“ЧАЧ” КАЙМАНА АТЫ МЕНЕН БЕЛГИЛҮҮ КРИМ АВТОРИТЕТ КАРМАЛДЫ. АЛ КАЗА БОЛГОН АНАПИЯЕВДИН ТОБУНДА БОЛГОН
Категория:
Разное