Марат Тагаев: "Кемпир-Абад" соолубасын

12+
12+

2 просмотра

9 дней назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

2 просмотра

9 дней назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

2 просмотра

9 дней назад

"Эми ийне-жибине чейин талкуу кылалычы. "Кемпир-Абад" суу сактагычы Кыргызстандын 4485 гектар жерине салыныптыр. Плотинасынын бир бөлүгү, суу сактагычтын бир тарабы Өзбекстандыкы. Суу басып жаткан жер үчүн Өзбекстан 1965-жылы 4127 гектар жерди ар кайсы жерлерден бизге берген экен. Эми аны компенсация дейбизби, кандай дейбиз, кыскасы Кыргызстан алган. Алар кайсыл жерлер? Кадамжай районунун Көк талаа айылы 758 гектар жерге курулган. Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган. Араван районунун Найман айылы 148 гектар жерге салынган. Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган. "Аксы" аэропорту 446 гектар жерге түшкөн. Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган. Падыша-Ата сайы 5 гектар жерди ээлеп турат. Кара-Дөбө 45 гектар жерге салынган. Ала-Букада Ажек-Тоо айылы 1307 гектар жерге курулган. Кыскасы жалпысынан 4127 гектар жерди Өзбекстан тарап 1965-жылы бизге чек арага чектеш жерлеринен беришиптир. 300 гектардан ашыгыраак жер бүгүнкү күнгө чейин алынбай келиптир. Ал 300 гектар жердин ордуна бүгүн 1000 гектар жер алып жатыптырбыз. 500 га Өзгөнгө тийиптир, 500 га Сузак районуна бөлүнгөн. Андан тышкары 31 жылдан бери талаш болуп келе жаткан жерлердин баары бизге өтүптүр. Гавасай эле 12 миңден ашык гектар. "Үңкүр-Тоо" бизге өтүптүр. Туура, өзгөндүктөр ыйлагандай бар. Анткени Өзгөн районуна жер берилген эмес экен. Бирок биз бир мамлекетпиз да. "Жердин баары Өзгөнгө тийиш керек болчу" деген реалдуу эмес. Эки жакта тең эл жыш. Кыргызстандын ар бир чарчы жери баарыбыздыкы. Каршы чыккандар "суу басып жаткан жер, суу кургап кетсе бизге өтсүн" деп да жатат. Суу 70 жылдан бери жатат. Дагы 70 жыл суу баскан бойдон жата берет. Кокус кургап кете турган болсо, "Кемпир-Абад" гана эмес, бүт Анжиян бошойт да. Суу жок жамгыр күтүп жашамак беле. "Кемпир-Абад" соолубасын. Эгер соолуп калса таш, кум баскан жерди өзбек эмне кылмак эле? 4 миң гектар жерди башка жактан берели, бул жерди бизге таштагыла десең, айланайын деп макул болот. Суу кургап кеткенге чейин 4000 гектар суулуу жерди биз кыргыздар иштетип пайдасын алып туралы туугандар. "Кемпир-Абад" рычаг болмок дегендер да бар. Плотинаны Өзбекстан көзөмөлдөсө, жарымы алардын аймагында турса, кантип рычаг кылса болот? Кыргыз сууну кышында агызып, жайында тосуп салса өзбектер карап турмак беле.

Название:

Марат Тагаев: "Кемпир-Абад" соолубасын

Категория:

Разное