"Мени ылдый түш, өйдө түш деп, бир аз этияттап сүйлөңүз"

12+
12+

21 просмотр

год назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

21 просмотр

год назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

21 просмотр

год назад

«Жана мен сиздин же комитеттин жетекчисинин адресине кызматтан кет же парламенттен кет деп сөз айткан жок элем. Сиздин көңүлүңүзгө салып коеюн деп жатам. Өзүңөрдү баарын кетирүүчү элестетип албасаңар. Эл каалаганда парламентти кетирет. Эл шайласа парламент келет. Сиз жөн эле алып баруучусуз. Мындай биртке ылдый түшүп, ордуңарга келсеңер, өзүңөрдү элестетип кетпей… Парламентте эки стандарт бар, ушундай кош стандарт менен парламентти уят кылып жатасыңар деп айттым, төрага катары сизге чара көрсүн деп. Мен ошол факттарды негиздеп бере алам. Канча жолу регламент бузулуп жатат. Бир мыйзам кирет, бир мыйзам 3 жылдап кирбейт. Ошол жөнүндө айтып жатам. Парламент жакпаса кетип кал деп мага үйрөтпөсөңөр. Өзүңөрдүн деңгээлиңерди карап алгыла», – деди Бокоев. Дастанбек Жумабеков депутаттын дарегине кет деген сөз айтпаганын белгиледи. «Мени ылдый түш, өйдө түш деп, бир аз этияттап сүйлөңүз. Эки-үч жолу микрофонго чыгып, менин дарегиме сөз сүйлөсөңүз болот экен да, биз айтсак болбойт экен. Анда сиз да этияттап сүйлөңүз. Мен жерде эле басып жүрөм», – деди төрага.