Курут. Ширин курут кайнатуу.
Курут. Ширин курут кайнатуу.
#asmr #курут #курт. Курут кайнатуунун жол жобосун жазып кетейин. Сүзмө нак айранды бышып, майын алып, бышмасын атайын торбого куюлуп, сары суусун агызганда пайда болот. Анын куруту өзгөчө даамга ээ болуп, бизде ЭЗМЕ КУРУТ деп коёт. Мүмкүнчүлүк болсо жазында күнгө жайып кургатып алса болот. А мен сеператорго тартылып каймагы алынган аборот сүттү айран кылып уютуп, нак айран экөөнү теңме тең куюп, сүзмө даярдадым. Эгер сүзмөнүн суюктугу нормада болсо , айран кошуунун зарылдыгы жок. Даяр болгон сүзмөнү казанга куюп, орточо отто аралаштыра баштайбыз. Курутту жалгыз өзүңүз кайната албайсыз. Жаныңызга сөзсүз жардамчы алыңыз. Анткени отун карап, тынбай аралаштырып туруу керек. Жылмакай даамдуу кайнатуунун сыры эмнеде деп көп сурашат. Анын сыры:ТЫНБАЙ, БИР СЕКУНД ДА ТОКТОТПОСТОН АРАЛАШТЫРУУ ЗАРЫЛ. Айрыкча кайнап чыккан учурда аралаштырбай калсаңыз курут иримчик болуп , казандын астына алып күйүп калат. Аралаштыруу үчүн жыгачтан жасалган чөмүч жакшы. Жок болсо меникиндей үбөлүк менен да аралаштырса болот. Оттун табында өзү суюлуп, кайнап чыгат. Ошол маалда каалооңузга жараша шекер кошосуз. Мен кээде бир чай кашык туз салып (шекер кошулбайт) дагы кайнатып, банкага жаап алам. Кайнап чыккан маалда отту аябай көп жакса буркулдап чачырап, аралаштырган адамдын колуна чачырап күйгүзүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан 🔥 отту орточо жагуу керек. Коюуланып баштаганда таза жуулуп, стерилденген банкаларга куюп алсаңыз болот. Ошол маалда дагы сөзсүз аралаштырып туруу керек! Курутуңуз даамдуу болсун!