Ош: «Бизге кенемте төлөп, анан үйүбүздү буза берсин»
Ош шаарынын мэринин буйругу менен калаадагы 16 көчөдө миңге жакын кызыл сызыктан чыгып кетти делген курулуштар бузулуп жатат. Алардын катарында Навои көчөсүндөгү жаңы долбоордун кызыл сызыгынан чыккан делген турак үйлөр менен соода түйүндөрүнө да буздурууга тапшырма коюлган. Жергиликтүү бийлик үй ээлерине турак жайларды бузуу үчүн бир ай убакыт берген. Деген менен учурда Навои көчөсүнүн тургундары үйлөрүн буза албай ара жолдо турушат. Айтымдарында, аларга жергиликтүү бийлик жолугушуу уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзгөн эмес. Шаар тургундары жолдун кеңейишине каршы эмес экенин билдиришүүдө. Алар комиссия үйлөрүнүн наркын адилет баалап, кенемте төлөнүп берилишин жана шарты бар жер тилкесине көчүрүшүн талап кылышууда. Каналга жазылуу: https://www.youtube.com/channel/UCCZa43syqWs7EqllazNPq7A Биздин веб-сайт: http://ky.kloop.kg Facebook: http://fb.com/kloopkyrgyz Twitter: http://twitter.com/kloopkyrgyz Instagram: http://instagram.com/kloopkyrgyz