Жолугушуу: Роза Айтматова, Дарика Жалгасынова

Казакстандагы Гёте институтунун 30 жылдык мааракесине карата 2024-жылы бир нече долбоорлор жарыяланган. Максаты - адабияттагы өткөн менен азыркынын байланышын тереңирээк түшүнүү жана окуучуларга классикалык чыгармалардын мааниси жөнүндө ойлонууга түрткү берүү. Долбоорлордун бири - окуучуларды классикалык адабияттын түбөлүктүү темаларын жана мотивдерин изилдөөгө чакырган билим берүү долбооруна «Креатив-Таалим» билим берүү комплекси ээ болуп, долбоор бир нече иш-чаралар менен ишке ашырылды. Алар: 1. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде тартылган фильмди немис тилиндеги субтитрлер менен окуучуларга көрсөтүү ишке ашырылды. 2. Сүрөт тартуу конкурсу («Ак-кеме» чыгармасынын негизинде тартылган). 3. Макеттердин конкурсу. 4. Эссе жаздыруу (атайы берилген теманын негизинде). Жыйынтыктоочу иш-чара 2024-жылдын 21-майында "Креатив-Таалим» билим берүү комплексинде Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жана азыркы поэзия тармагындагы жаш жазуучулардын немис тилине которулган чыгармаларынын топтому болуп жарык көргөн « Simurgh» котормосунун негизинде чыгармаларды кыргыз жана немис тилдеринде окуучуларга тааныштыруу аркылуу жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Айтматова Розетта Төрөкуловна, КР Аялдар кыймылынын лидери, «Аялдарга жардам борбору» коомдук уюмунун президенти, КР эл артисти, опера ырчысы Жалгасынова Дарика Артыкбаевна жана алып баруучу, диктор Иманалиева Айзуура катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Ч.Айтматовду эскерүү менен бирге ырлар көркөм окулуп, немис тилинде монологдор айтылып, сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчүлөр сыйлуу белектер менен сыйланышты. #креативтаалим #креативтаалиммектеп #мугалимдер #бишкек #кыргызстан #школыбишкека #билим #гетеинститут

12+
год назад

, чтобы оставлять комментарии